Садыр Жапаров томолой жетим балдарга кайрылды
Өлкө башчы Садыр Жапаров тоголок жетимдер үчүн уюштурулган убактылуу жашоочу жайга барды. Алар жашай турган батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу батирлерден берилген.
Президент Бишкектен тышкары мындай жайды Кара-Суу районунда дагы уюштуруу пландалып жатканын айтты.
"Интернатты бүткөндөн кийин бара турган жериңер жок болгондуктан 6-7 жыл жашай турушсун деп уюштурулган. Жогорку окуу жайды бүтүрүп, жумушка орношуп, эмгек акы ала баштаганда гана МИКтен кезексиз батир алып чыгып кетсеңер болот", - деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров балдардан бара турган жери жок тааныштарын бул жакка чакырууну суранды.
Садыр Жапаров томолой жетим балдарга кайрылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















