Марлен Маматалиев Түркмөнстандын элчиси менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгын талкуулады
Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан боордош Түркмөнстан менен бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, акыркы жылдары эки өлкө лидерлеринин аракеттеринин натыйжасында мамлекеттер аралык мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.
Ошондой эле төрага парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, жакында Санкт-Петербург шаарында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулаганын эске салды.
Мындан тышкары Марлен Маматалиев соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, төрага быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына түркмөн элин жана спортчуларын катышууга чакырды.
Өз кезегинде элчи Нуры Голлиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-түркмөн мамилелерин, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле кызматташтыкты тереңдетүү максатында эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















