Малайзияда өспүрүмдөргө соцтармактарга кирүүгө тыюу салынды
Малайзияда 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарда аккаунт ачууга тыюу салган жаңы эрежелер күчүнө кирди. Эми өлкөдө Facebook, Instagram, TikTok жана YouTube сыяктуу платформалар үчүн колдонуучулардын жашын текшерүү системин киргизүү милдеттүү талап болуп калды.
Малайзиянын Байланыш жана мультимедиа комиссиясы билдиргендей, тийиштүү токтомдун алкагында платформаларга жаш куракты текшерүү механизмдерин ишке киргизүү үчүн убакыт берилет.
Бул эрежелер болжол менен социалдык тармактын 8 миллион колдонуучусуна таасир этери күтүлүүдө. Белгиленген талаптарды аткарбаган платформалар 2,5 миллион долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
Маалымат үчүн: Австралия 2025-жылдын декабрь айында 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн социалдык платформаларды колдонушуна тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Муну менен алар дүйнөдө биринчи болуп мындай чектөөнү киргизген өлкө болгон. Ал эми Индонезия ушул жылдын март айында мындай чараларды колдонууга бел байлаган.
Мындай чараларды Польша, Дания, Франция, Испания, Греция жана Улуу Британия да колдонууга даярданып жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















