Ошто айылдарды өнүктүрүү боюнча долбоор ишке киргизилет
Айыл чарба министрлиги, Түштүк Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана "Good Neighbors International" эл аралык уюму айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Долбоор айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, айыл чарбасын, мал чарбачылыгын, кайра иштетүүнү, логистиканы өнүктүрүүгө жана элеттиктердин кирешесин жогорулатууга багытталган.
Экинчи фаза Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат.
Анын алкагында фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, айыл инфраструктурасын өнүктүрүү, логистикалык борбор куруу, микронасыяга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана агрардык секторго санариптик чечимдерди киргизүү каралган.
Долбоор 2021-2025-жылдары ишке ашырылган биринчи фазанын уландысы болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















