Президент сүйлөшкөн кызы бар экенин айткан баланы мактады
Кечээ, 1-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров тоголок жетимдер үчүн уюштурулган убактылуу жашоочу жайга барган. Алар жашай турган батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу үйлөрдөн берилген.
Балдар менен болгон жолугушууда мамлекет башчысына агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бир баланын Ошко кетип жатканы тууралуу маалымат берген. Министр ошол эле учурда балага кайрылып, борбордо калууну суранган. Бирок ал Ошко эле барарын айткан. Бала кийин Бишкекке кайтып келерин, анткени бул жакта сүйлөшкөн кызы бар экенин кошумчалаган.
Анын бул жообу мамлекет башчысын күлдүрүп, "азамат" деген мактоо айтылган.
Президент сүйлөшкөн кызы бар экенин айткан баланы мактады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:31
2026-06-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















