Эмгек министрлиги Орусияга кирүүдөгү жаңы эрежелерди түшүндүрдү
Эмгек министрлиги 1-июлдан тартып Орусияга кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга (ред.: анын ичинде Кыргыз жарандары) карата жаңы эрежелер күчүнө кирерин маалымдады.
Анда төмөнкүлөр талап кылынат:
- App Store же Google Play аркылуу "RuID" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
- Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;
- Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;
- Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
- Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.
Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин кеминде 4 саат мурда тапшырууга жол берилет.
Муну менен катар Орусияга кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясынан өтүү талабы күчүндө калат. Ал жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулары үчүн Орусияда убактылуу болуу мөөнөтү узартылганы белгиленет.
Эгерде алар Орусияга кирүүнүн жана өлкө аймагында жүрүүнүн (же жашоонун) максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.
Орусияга билим алуу же башка максаттар менен барууну пландаган жарандарга мамлекеттик чек арадан өтүүдө мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн "RuID" мобилдик тиркемесинен каттоодон өтүү сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:31
2026-06-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















