super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Эмнеге жамгыр жааса эле Бишкектин көчөлөрүндө көлчүк болуп калат?"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова Бишкекте жамгыр жааганда жолдор көлчүктөргө толуп, тургундарга ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтты. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында сөз кылды.

"Эмнеге бизде кичине жамгыр жааса эле көчөлөрдүн баары көлчүк болуп, элге ыңгайсыздык жаратат? Бизде иррегациялык систем жакшы каралган эмеспи?",- деп калаанын вице-мэри Рамиз Алиевге кайрылды.

Вице-мэр борбордун ирригациялык системин "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы көзөмөлдөп жатканын белгиледи.

"Бишкектин ичинде 410 чакырым ирригациялык систем бар. Биринчи жолу жолдорду суу каптоо боюнча 57 учур катталса, акыркы кезде бул 9га кыскарды. Буга бир нече себептер бар. Кээ бир объекттер арыктардын үстүнө курулуп калган, айрым кезде арыктардын эскилиги жеткен.

Арыктарды иретке келтирүү боюнча иштерди аткарып жатабыз",- деди Алиев.






Депутат Бишкектеги көлчүктөр тууралуу айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: