Садыр Жапаров Талас шаарында жана облуста аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды
Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас шаарында Талас районунун 2021-2026-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү үч эседен ашык өстү, ал эми тартылган инвестициялардын көлөмү төрт эсеге көбөйдү. Ошондой эле райондо мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорттук объекттерди жана эс алуу бактарын камтыган 45 социалдык объект курулган.
Учурда кубаттуулугу 24 мегаватт болгон "Альянс" гидроэлектр станциясы жана туристтик инфраструктуранын курулушу жүрүп жатат. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы наркы 4,6 миллиард сомдон ашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2026-11-02
16:55
2026-11-02
13:38
2026-11-02
9:59
2026-11-02
18:02
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















