Кумтөрдө биринчи жолу Тянь-Шань күрөң аюусу катталды (видео)
Кумтөр кен жайында биринчи жолу ак тырмактуу Тянь-Шань күрөң аюусу катталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Тянь-Шань аюусунун саны 17 башты түзүп, анын Кумтөр аймагында катталышы адистер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратууда.
Ак тырмактуу Тянь-Шань аюусу Кызыл китепке киргизилип, мамлекет тарабынан коргоого алынган сейрек кездешүүчү жаныбарлардын катарына кирет. Ага аңчылык кылууга тыюу салынган.
Белгиленгендей, буга чейин Кумтөр аймагында узак убакыттан кийин ак куулар кайрадан байкалган. Мындан тышкары, жакында эле Сөөк ашуусунда кара моюн турна катталган. Ал дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү турна түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Кумтөрдө биринчи жолу Тянь-Шань күрөң аюусу катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















