Мамлекеттик катчы Кытайдын улуттар иштери боюнча комитетинин делегациясы менен жолугушту
Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытайдын улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чень Жуйфэн жетектеген делегация менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара ишенимди жана достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун, ошондой эле этностор аралык саясат, коомдук ынтымак жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















