Таласта курулуштар катуу көзөмөлгө алынды
Талас облусунда социалдык объектилердин жана жолдордун курулуш сапатын текшерүү боюнча пландан тышкаркы рейд жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө курулуш мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы жана иштердин сапаты көзөмөлдөндү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, рейддин жыйынтыгында Талас районунун Арашан айылында курулуп жаткан 250 орундуу мектеп Мамлекеттик курулуш реестрине катталбаганы аныкталды. Объект “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулуп жатканы белгилүү болду.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча подряддык уюмга кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Курулуш министрлиги бардык курулуш компанияларын мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана техникалык регламенттерди так сактоого чакырып, бул объектилердин сапатын жана коопсуздугун камсыздоонун негизги шарты экенин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















