super.kg logo

Ошто жаңы мектеп пайдаланууга берилди

 

Ош шаарында билим берүү тармагындагы дагы бир маанилүү долбоор ишке ашып, жаңы 148 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаар жетекчилиги, депутаттар, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жаңы корпус менен №49 мектептин жалпы сыйымдуулугу 630 окуучуга жетип, балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап шарттар түзүлдү. Мектепте билим берүү кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

Шаар бийлиги окуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо максатында жакын арада атайын мектеп автобусун ишке киргизүүнү да пландоодо. Бул мектеп учурда Ош шаарында курулуп жаткан 17 билим берүү мекемесинин бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: