Бишкек мэриясы самокат саткан ишкерлерди жол коопсуздугун колдоого үндөдү
Бишкек мэриясы электр самокаттарды сатып жаткан ишкерлерди жол коопсуздугун күчөтүү чараларын колдоого чакырды. Учурда алардын ылдамдыгын саатына 15 чакырымга чейин төмөндөтүү боюнча токтом долбоору коомдук талкуудан өтүүдө.
Буга чейин Yandex, ToGo жана Sun Rent сыяктуу операторлор самокаттарынын ылдамдыгын ыктыярдуу түрдө чектешкен. Мэрия самокат сатуучуларды да ылдамдыкты программалык түрдө чектөөгө жана кардарларды жаңы талаптар тууралуу маалымдоого чакырууда.
Муниципалитет эгер кооптуу кырдаалдар көбөйө берсе, электр самокаттарды пайдаланууга толук тыюу салуу маселеси каралышы мүмкүн экенин эскертти. Мэрия жолдордогу жана тротуарлардагы коопсуздук бардык тараптардын жалпы жоопкерчилиги экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:26
2026-06-03
21:56
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















