Кыргызстан 5 айда 18 миң тоннадан ашык өсүмдүк продукциясын экспорттоду
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстан 18 882 тонна өсүмдүк продукцияларын экспорттоду. Бул тууралу 3-июнда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, экспорттун негизги бөлүгүн мөмө-жемиштер түзүп, алардын көлөмү 12 700 тонна болду. Ошондой эле 5358 тонна мөмө-жемиштер жана 823 тонна цитрус жана тропикалык жемиштер чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
- Орусияга - 10 миң 712,78 тонна;
- Казакстанга - 7 миң 375,82 тонна;
- Өзбекстанга - 1 790,90 тонна;
- Тажикстанга - 34,8 тонна;
- Катарга - 0,2 тонна продукция экспорттолгон.
Экспорттун негизги товарлары:
- Алма - 8 миң 331,88 тонна;
- Кулпунай - 5 339,72 тонна;
- Гилас - 2 493,96 тонна;
- Өрүк - 825,7 тонна;
- Мандарин - 647,1 тонна;
- Алмурут - 542,7 тонна;
- Жүзүм - 250,3 тонна жөнөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:26
2026-06-03
21:56
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















