super.kg logo

Мэр Ала-Тоо аянтындагы ырдан улам чара колдонулган диджей менен жолугушту

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарада адепсиз ырлар жаңырганы үчүн жоопкерчиликке тартылган жаш диджей кыз менен жолугушту.

Борбор калаа бийлиги кабарлагандай, ШКУнун Дельфий оюндарында коло медаль жеңип алган кыз менен болгон жолугушууда майрамдык иш-чарада орун алган жагдай талкууланып, борбор калаанын башчысы ага колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Айбек Жунушалиев болгон катачылыктар үчүн жоопкерчилик жооптуу кызматкерлерге таандык экенин белгилеп, алар бардык процесстерге тийиштүү көзөмөлдү жана координацияны камсыздай албаганын айткан.

Ошондой эле борбор калаа башчысы кызды ыктыярчылык ишмердүүлүгүн улантууга жана мындан ары да "Наристе" балдар фестивалынын жана башка иш-чаралардын конокторуна, катышуучуларына жардам берип, шаардын коомдук жашоосуна активдүү катышууга чакырган.

ыздын апасы болгон окуя техникалык катачылыктын натыйжасында орун алганын белгилеп, бул жагдай кызы үчүн олуттуу сабак жана маанилүү тажрыйба болгонун айтты. Анын айтымында, бул окуя келечекте уюштуруучулук жана техникалык маселелерге дагы кылдат мамиле кылууга жардам берет",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: