Парламент БШКнын мүчөлөрүн шайлады
Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралды.
Жыйынтыгында депутаттар 8 талапкерди жактырышты. Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге кыскартылган.
Президент сунуштаган 4 талапкер:
- Алмаз Айбалаев банкир, каржы адиси жана мамлекеттик кызматкер.
- Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
- Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.
- Бөдөш Мамырова Жогорку Кеңешинин V чакырылышында вице-спикер болгон.
Парламент сунуштаган 4 талапкер:
- Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы.
- Сүйүнбек Касмамбетов мурдагы мамлекеттик катчы.
- Лейла Лурова Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
- Тимур Оторбаев инженер адиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















