Кыргызстанда инклюзивдүү спортту өнүктүрүү маселеси талкууланды
Бүгүн, 3-июнда Дене тарбия жана спорт агенттигинде агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев Атайын Олимпиада кыймылынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Атайын Олимпиада Евразия уюмунун өкүлдөрү, Кыргызстандагы Атайын Олимпиаданын жетекчилиги жана спорт тармагындагы адистер катышты.
Тараптар интеллектуалдык өзгөчөлүгү бар адамдар үчүн спортту өнүктүрүү, инклюзивдүү спорттук долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө спорттун коомдогу инклюзияны чыңдоодогу маанилүү ролу белгиленип, бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктери айтылды.
Адистердин пикиринде, мындай демилгелер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук жашоого активдүү аралашуусуна жана спорт аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуна өбөлгө түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















