Оор кылмышка шектүү эки жаран Грузиядан экстрадицияланды
Оор кылмыштарды жасоого айыпталган эки адам Грузиядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу 4-июнда Башкы прокуратура билдирди.
Алардын бири адамдардын алдын ала сүйлөшүп алуусу боюнча адам уурдоого айыпталууда. Шектүү жана анын шериктери жабырлануучуну коркутуп, ага таандык коммерциялык уюмду өздөрүнүн атына өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
Экинчи шектүү өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Ал ишенимге кирүү жолу менен жарандардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
Экстрадицияланган экөө тергөө абагына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















