super.kg logo
  Саясат  

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду куттуктады

 
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен өлкө башчы Садыр Жапаровду куттуктады.
Мамлекет башчынын администрациясы кабарлагандай, лидерлер телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Мирзиёев БУУдагы колдоо Кыргызстандын эл аралык аброю жогору экендигинин, ошондой эле өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган саясаттын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылгандыгынын айкын далили экенин белгилеген.

Садыр Жапаров Өзбекстандын лидерине жылуу куттуктоосу жана боордош Өзбекстандын туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирген. Мамлекет башчысы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын талапкерлигин жылдырууга Борбор Азия өлкөлөрү кошкон салымды өзгөчө айтып өткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: