Израил министри Ливан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына баа берди
Ливандагы ок атышууну токтотуу режими Израилдин түндүк аймактарындагы тургундардын коопсуздугун гана камсыздабастан, узак мөөнөттүү тынчтык орнотууга да шарт түзөт.
Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Исраэль Кац билдиргенин "The Times of Israel" кабарлаган.
"Бул келишим Ливанда биз азыркыга чейин түзгөн кырдаалды чагылдырат. Бул кырдаал Ливан мамлекети менен тынчтык келишимине алып келиши мүмкүн",- деген министр.
Министр ок атышууну токтотуу боюнча келишимди "чоң жетишкендик" деп атап, ал Ливан менен чектеш аймактарда жашаган Израил жарандарынын коопсуздугун камсыз кыларын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Израил менен Ливан АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу режими боюнча макулдашкан. Ага ылайык, "Хезболла" тарабынан бардык кол салуулар толугу менен токтотулушу керек.
Тараптар ошондой эле көзөмөл толугу менен Ливандын куралдуу күчтөрүнө өткөрүлө турган эксперименталдык аймактарды түзүүгө макул болушкан. Бирок "Хезболла" сүйлөшүүлөргө катышпагандыктан, бул милдеттенмелерди расмий түрдө өзүнө алган эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















