super.kg logo

Кытайда каратэ көрсөткөн робот баланы тээп жиберди

 

Кытайдын Синьцзян аймагындагы туристтик жайлардын биринде робот баланы кокусунан буту менен тээп жиберген. Бул окуянын видеосун чет элдик басылмалар жарыялашты.

Видеодон робот каратэ кыймылдарын көрсөтүп жатып, жанында турган баланы тепкенин көрүүгө болот. Соккудан кийин бала курсагын кармап ыйлап жиберген.

Баланын апасы окуя боюнча полицияга кайрылганын билдирген. Анын айтымында, робот парк администрациясынын көзөмөлүндө болгонуна карабастан парктын кызматкерлери кырдаалга дароо көңүл бурган эмес.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар роботтордун коопсуздугун талкуулашууда. Аларды адамдардын, өзгөчө балдардын жанында колдонууда сактык чараларын күчөтүү керектигин белгилешүүдө.






Кытайда каратэ көрсөткөн робот баланы тээп жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: