Ошто заманбап музыкалык фонтан курулууда
Ош шаарындагы "Алымбек датка" эс алуу жайы аймагында жаңы заманбап музыкалык фонтан куруу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Шаар мэри курулуш жүрүшү менен жеринде таанышып, иштин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн тапшырды.
Маалыматка ылайык, мурдагы эски фонтан толугу менен жаңыланып, анын ордуна музыка жана жарык эффекттери менен коштолгон заманбап фонтан орнотулат. Жаңы объекттин узундугу 50 метрге жетип, кечки убакта өзгөчө жарык-шоусун тартуулайт.
Долбоор бүткөндөн кийин ал шаар тургундары жана коноктор үчүн эс алуу жайындагы негизги кооз жайлардын бири болуп калат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















