Нарын: Уруксатсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш фактысын аныктады.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүү учурунда Т.Айматов көчөсү №78 дарегинде жайгашкан объектте административдик имараттын (техникалык блоктун) курулушу тиешелүү архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
Бул аракеттер “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу катары бааланып, курулуш иши өз билемдик менен жүргүзүлгөнү аныкталды.
Жыйынтыгында, курулуш жүргүзгөн “АБК Голд” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуу фактыларын жоюу жана курулушту тиешелүү нормаларга ылайык келтирүү боюнча милдеттендирүү берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш субъекттерин мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, эреже бузган учурларда катуу чара көрүлөрүн эскертти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















