super.kg logo

Лос-Анжелесте "Жуманжи" тасмасында роль жараткан актёр Жеймс Хэнди өлтүрүлдү

 

АКШнын Лос-Анжелес шаарында белгилүү америкалык актёр Жеймс Хэнди киши колдуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, полицияга эртең менен белгисиз эркек киши чалып, "азыр эле бир адамды өлтүрдүм" деп билдирген. Укук коргоо кызматкерлери Лос-Анжелестеги Тарзана районунда жайгашкан үйгө барганда, короодон бычактан жаракат алган 81 жаштагы Жеймс Хэндини табышкан. Актёр ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Бул иш боюнча 44 жаштагы Майкл Гледхилл аттуу жаран шектүү катары кармалган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, ал өзүн издөөгө алынган адам экенин полиция кызматкерлерине өзү билдирген. Учурда ага адам өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылды.

Америкалык маалымат каражаттары Майкл Гледхилл Жеймс Хэнди менен мамиледе болгон аялдын уулу экенин жазышууда.

Жеймс Хэнди кинодогу карьерасында "К-9: Ит менен кызмат", "Жуманжи" жана "Топ Ган: Мэверик" тасмаларындагы ролдору менен белгилүү болгон. Анын акыркы эмгеги "Топ Ган: Мэверик" фильминде бармен Жимминин образын жаратуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: