Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө
Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесине байланыштуу милициянын кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын негизги көчөлөрүндө жана чет элдик делегациялар жүрө турган маршруттарда кошумча күчтөр менен техникалар тартылды. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп жатышат.
Укук коргоо органдары шаар тургундарын жана борбордун конокторун убактылуу жол чектөөлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырышты.
Белгиленгендей, мындай чаралар эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чаранын коопсуз жана жогорку уюшкандыкта өтүшүн камсыз кылуу максатында көрүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















