super.kg logo

Бразилияда 37 жаштагы аял өзүн бала катары көрсөтүп, жылдар бою асырап алуучу үй-бүлөлөрдө жашаган

 

Бразилиянын Жоинвили шаарында 37 жаштагы аял кармалды. Ал бир нече жыл бою өзүн 12 жаштагы кыз катары тааныштырып, ар кайсы штаттардагы асырап алуучу үй-бүлөлөрдүн колдоосунда жашап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, аял алдамчылык схемасын көп жылдан бери колдонуп жүргөн. Ал өзүнүн жашынан улуу көрүнгөнүн бала кезде зордук-зомбулукка кабылып, гормоналдык дарыларды ичүүгө мажбур болгондугу менен түшүндүрүп келген. Ошондой эле ал балдарга арналган эмизгичтерди жана бөтөлкөлөрдү колдонуп, өзүнүн окуясын ишенимдүү көрсөтүүгө аракет жасаган.

Аялга байланыштуу арыздар Бразилиянын Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро, Минас-Жерайс, Риу-Гранди-ду-Сул жана Гояс штаттарында катталган. Анын алдамчылыгы ачыкка чыккан сайын башка штатка көчүп кетип турганы белгилүү болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул аял тууралуу 2023-жылы да жазышкан. Ал учурда өзүн аутизм менен жабыркайт деп көрсөтүп, ошондой эле сыйкырчылык ырым-жырымына кабылганын айткан. Медициналык текшерүүдө анын денесинен 100дөн ашуун ийне табылганы маалымдалган. Ошол кезде ага турак жай уюштуруу маселеси да каралган.

Учурда шектүү Жоинвили шаарындагы түрмөгө камалып, анын аракеттерине байланыштуу тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: