Марлен Маматалиев Кара-Суу районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар менен бирге Ош облусунун Кара-Суу районуна жумушчу сапар менен барып, билим берүү, саламаттык сактоо, ирригация жана жол тармактарындагы бир катар объектилерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө төрага Зарбдар айылындагы №69 Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин реконструкциялоо иштери менен таанышты. 536 орунга ылайыкталган мектепте учурда 1400гө жакын окуучу үч нөөмөттө билим алууда. Мектепти жаңылоо боюнча 137 миллион сомдук долбоор ишке ашырылып жатат.
Ошондой эле Нариман аймактык ооруканасынын абалы каралып, 140 орундуу жаңы оорукананын курулушун келерки жылы баштоо пландалып жатканы маалымдалды. Долбоордун баасы 200 миллион сомду түзөт.
Маматалиев Ош–Кара-Суу жолунун реконструкциялоо иштерин да көрүп чыкты. Узундугу 18,7 чакырым болгон жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө. Долбоордун жалпы баасы 2,5 миллиард сомду түзөт.
Мындан тышкары авариялык абалдагы Ташлак айылындагы №124 жана Отуз-Адырдагы №12 мектептердин көйгөйлөрү көтөрүлүп, жаңы заманбап мектептерди куруу боюнча тапшырмалар берилди.
Төрага Отуз-Адыр каналын реконструкциялоо долбоору менен да таанышты. Баасы 1,7 миллиард сомдон ашкан долбоор аяктагандан кийин 13 миң гектардан ашуун жер сугат суу менен камсыздалат.
Жумушчу сапардын соңунда Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүлүп, жол, таза суу, билим берүү, саламаттык сактоо жана жер маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев көтөрүлгөн көйгөйлөр мамлекеттик органдар менен биргеликте көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















