super.kg logo

Конгодо эбола вирусун жуктурган адамдардын саны айтылды 

 

Конго Демократиялык Республикасында 450дөн ашык адам эбола вирусун жуктурганы аныкталды.

EFE агенттиги билдиргендей, вирус жуктурган 452 учур тастыкталып, алардын 82си каза болгон.

Өлкө бийлиги вирустун тездик менен жайылып жатканын эскерткен.

Оорунун очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясында катталган. Кийинчерээк вирус коңшулаш Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларына, ошондой эле Уганда аймагына тараган. Учурда Угандада 19 учур катталып, анын ичинде эки адам каза болгону маалымдалды.

Маалымат үчүн: Эбола – өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: