Блогер Хасбиктин унаасын уурдап кетүүгө аракет кылышкан
Дагестандык Хасбик деген каймана ат менен белгилүү болгон блогер Хасбулла Магомедовдун Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жарыялады.
Андагы маалыматка караганда, окуя өткөн жумада катталган.
Ингушетиянын тургуну Хасбиктен унаасын Дагестанды кыдыруу үчүн бир нече күнгө ижарага алган. Бирок кийин кайра Ингушетияга жөнөп кеткен. Ал Махачкаладан чыгып бара жатып, унаадагы спутниктик навигаторду өчүрүп, кийин байланышка чыккан эмес.
Хасбулла Магомедов дароо полицияга кайрылган эмес. 3 күндөн кийин социалдык тармактарга билдирүү жарыялап, ингушетиялыктардан жардам сураган. Жыйынтыгында ал адам табылып, унаа ээсине кайтарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:44
2026-06-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















