Армениядагы шайлоо: Никол Пашинян жеңишин жарыялады

Кечээ, 7-июнда Арменияда кезектеги парламенттик шайлоо аяктады. Анын жыйынтыгы өлкөнүн жаңы премьер-министрин аныктоого негиз болот.
Чет элдик маалымат булактары белгилегендей, өлкө боюнча ачылган 2005 шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 17:00гө карата шайлоочулардын 48,92 пайызы добуш берген. Арменияда добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 2,5 миллиондон ашат.
Бул акыркы тогуз жыл ичиндеги алгачкы кезектеги парламенттик шайлоо болуп калды. Ага жалпысынан 18 саясий күч катышты.
Соңку сурамжылоолорго ылайык, учурдагы премьер-министр Никол Пашинян жетектеген "Жарандык келишим" партиясын шайлоочулардын 32,4 пайызы колдоого даяр экенин билдирген. Ал эми негизги төрт оппозициялык күчтүн жалпы рейтинги 46,6 пайызга жетиши мүмкүн экени айтылууда.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жакынкы убакта жарыяланары күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















