Спикер мурдагы төрагаларга төш белгилерди ыйгарды
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өлкө парламентин ар кайсы жылдары жетектеген экс-спикерлер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарган.
Жолугушуунун катышуучулары жүргүзүлүп жаткан жана алдыда пландалган реформаларды кубаттай тургандыктарын билдиришип, Маматалиевдин парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында жасап жаткан иштерине ийгиликтерди каалашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















