super.kg logo
  Саясат  

Аткаминер кибералдамчылыктын 7 түрүн айтып берди

 

Кибералдамчылыктын негизи 7 түрү бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи түрү - жасалма сайттар, шектүү шилтемелерди жарандардын мобилдик тиркемесине жөнөтүү. Мында шылуундар ар түрдүү шылтоолор менен жеке маалыматтырды алууга жетишишет. Экинчиси, телефон чалып, өздөрүн банк же укук коргоо органдары катары тааныштыруу. Алар жаранга банктык эсеби коркунучта экенин же насыя алынып жатканын айтуу менен акчаны өздөрүнүн эсебине котортуп алышат. Үчүнчүсү - SIM-картанын мөөнөтүн узартуу шылтоосу. Бул схемада алдамчы анын жеке коддорун сурап алууга жетишет.

Төртүнчүсү - мобилдик тиркемелер аркылуу жарандарга жакындары аркылуу жиберилген билдирүүлөр. Мында шылуундар жарандардын аккаунтуна киришип, анын атынан жакындарынан ачкча сурашат. Бешинчи схема - интернет аркылуу товар сатуу. Алдамчылар бул жол менен жарандардын башын айлантып коюшат. Алтынчысы, криптовалютага байланыштуу алдамчылык болсо, жетинчи түрү телеграммдагы үч бурчтук схема болуп саналат. Мында да криптовалюта аркылуу алдамчылар кайырмакка илишет.






Аткаминер кибералдамчылыктын 7 түрүн айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: