Садыр Жапаров Ош шаарынын мэрине бир нече тапшырма берди
Бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаар чөйрөсүн модернизациялоого багытталган негизги инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Анын ичинде аянты 22 миң чарчы метрден ашык жана 5200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу спорттук арена бар. Ош шаарынын мэри Жанар Акаев белгилегендей, аянт жаштар үчүн спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайга айланат.
Мындан тышкары, туристтерге жана кол өнөрчүлөргө багытталган этно-тарыхый комплексти куруу пландалууда. Анын аймагында парк жана тарыхый-маданий зоналар, соода аянтчалары жайгашат. Ошондой эле эл аралык франшизалар боюнча иштеген мейманканаларды жана мектептердин филиалдарын куруу иштерин баштоо пландалууда.
Ош шаарынын мэри бул долбоорлор заманбап жана инвестициялык жактан жагымдуу имидж түзүп, шаардын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн өзгөртөрүн баса белгиледи. Сунушталган долбоорлор менен таанышып чыккандан соң, Жапаров аткарылып жаткан иштердин сапатына жана тартылган инвестицияларды натыйжалуу пайдаланууга жакшы көңүл бурууну тапшырды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















