Песков: “Киев тынчтык орнотуу процессин жайлатууга аракет кылууда”
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Крымдагы жүргүнчү ташыган поездге жасалган чабуул абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин татаалдаштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Киевдин мындай аракеттери Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө өтүүнү кыйла оорлотот.
“Биз тынчтык жолу менен жөнгө салууга ачык бойдон калуудабыз. Бирок Киев режими бул процессти жайлатуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын байкап жатасыздар”,- деген Песков.
Буга чейин Москва-Симферополь багытындагы поездге дрон менен чабуул жасалган. Анын кесепетинен машинист жаракат алып, жардамчысы каза болгон. Ал эми жүргүнчүлөр жабыркаган эмес.
Окуядан кийин Крым аймагындагы бардык поезддердин жүргүнчүлөрү коопсуздук максатында эвакуацияланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















