Си Цзиньпин: “Кытай Ким Чен Ындын саясатын колдоону улантат”
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өлкөсү эл аралык кырдаал кандай өзгөрбөсүн, Ким Чен Ын жетектеген Түндүк Корея менен салттуу достук мамилени жана анын жүргүзүп жаткан саясатын колдоону улантарын билдирди.
Бул тууралуу Си Цзиньпин Пхеньян шаарында Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүлөрдө айткан.
Анын айтымында, Кытайдын Коммунисттик партиясы менен өкмөтүнүн Түндүк Кореяга карата бекем позициясы өзгөрбөйт. Ошондой эле ал Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында өлкөдө социалисттик курулушту өнүктүрүү аракеттерин колдоорун белгиледи.
Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдап, байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин айтты. Анын пикиринде, бул кызматташтык аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтыкка, туруктуулукка жана өнүгүүгө оң салым кошот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















