УКМК Ош жана Баткенде террордук уюмдардын уячаларын аныктап, 31 адамды кармады
8-июндан 9-июнга караган түнү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош жана Баткен облустарында кеңири масштабдагы антитеррордук атайын операция жүргүздү.
Маалыматка ылайык, операциянын жүрүшүндө эл аралык террордук уюмдар деп саналган «Катиба аль-Таухид валь-Жихад» жана Ислам мамлекети менен байланышы бар делген активдүү мүчөлөр кармалып, алардын укук коргоо кызматкерлерине жана диний ишмерлерге каршы террордук чабуулдарды даярдап жатканы айтылды.
Коопсуздук чараларын координациялоо үчүн Ош шаары, Кара-Суу району, Кызыл-Кыя жана Үч-Коргон айылы аймактарында антитеррордук операциянын өзгөчө укуктук режими киргизилди.
Атайын операциянын жыйынтыгында террордук кылмыштарды даярдоого шектелген 31 адам кармалган. Алардын 11и Ош облусунда, ал эми 20сы Баткен облусунда кармалганы маалымдалды.
Тинтүү иштеринде диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат ташуучулар, каттоодон өтпөгөн төрт ок атуучу курал, террордук уюмдардын символикасы жана чет өлкөлөрдөгү террордук түзүмдөрдү каржылоого арналган акча каражаттары алынган.
Операцияга Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тартылган.
Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кармалгандардын байланыштарын, мүмкүн болгон шериктерин жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштерин улантууда.
УКМК терроризм жана экстремизм менен күрөш өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттарынын бири бойдон каларын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















