Баткенде алдамчылыкка шектелген аял киши кармалды
Баткенде алдамчылыкка шектелип 48 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.Маалыматка ылайык, ал былтыр сентябрь айында 27 жаштагы жаранга жана анын жубайына жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн Баткен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан берилүүчү 150 миң сом социалдык келишимди алып берүүнү убадалаган.
Ал эч бир мекеме-ишканада расмий кызматкер катары иштебегенине карабастан, керектүү документтерди чогултуп берип, аталган акча каражатын алып берүү үчүн бир нече жарандан 20 миң сомдон акча талап кылып алгандыгы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















