Чүйдө абдан катуу ылдамдыкта бараткан унаа үрөй учурган кырсыкка кабылды (видео)
Чүйдө саатына 240 чакырым ылдамдык менен бара жаткан унаа үрөй учурган жол кырсыгына кабылды.
Интернет желесине кырсыктын видеосу тарады. Андан унаанын алдыңкы тарабы талкаланып калганын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, унаада бара жаткан кыз менен жигит каза тапты.
Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Окуя 8-июнда болжол менен саат 05:38 чамасында болгон. 2002-жылы туулган А.Д. аттуу айдоочу КИА К-5 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек - Кара-Балта жолунун 16-чакырымында батыштан чыгышты көздөй айдап бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып, даракты сүзүп токтогон. Натыйжада айдоочу жана анын жанындагы 2005-жылы туулган К.А. аттуу жүргүнчү кыз окуя болгон жерден каза болду.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Чүйдө 240 менен бара жаткан унаа үрөй учурган жол кырсыкка кабылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















