super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сурабалдиева Ирандын элчиси менен кызматташтык маселелерин талкуулады

 

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алышты.

Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасы бардык эл аралык талаш-тартыштарды БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун принциптеринин негизинде тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдой турганын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары комитет төрайымы Кыргызстан Иран менен саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн маанисине токтолуп, Кыргызстандын 2026-жылдагы төрагалыгы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Голам Хоссейн Ядегари эки өлкө ортосундагы саясий диалог жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, Иран бардык өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: