"Ак шумкарлардын" Палестина менен болгон оюну кайрадан тең чыгуу менен жыйынтыкталды
Кечээ, 9-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Палестинанын командасына каршы экинчи жолдоштук беттешин өткөрүп, оюн кайрадан тең чыгуу менен аяктады.Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Беттештерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталат.
Эскерте кетсек, буга чейин курама командалар 6-июнда кез келип, анда да тараптар бири-биринин дарбазасына гол киргизе алышкан эмес. Бул оюндар Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















