Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча Азия чемпиондугу башталды
Бүгүн, 8-июнда Ысык-Көл облусунун Корумду айылында чоңдор жана өспүрүмдөр арасында армрестлинг боюнча XXIV Азия чемпиондугу жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионатынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайыкя, салтанатка Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.
Урмат Асанбаев өз сөзүндө мындай ири мелдештин Кыргызстанда өтүшү өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, чемпионат спортчулардын мүмкүнчүлүгү чексиз экенин дагы бир жолу далилдей турган маанилүү аянтча экенин айтты. Ошондой эле ал бардык катышуучуларга ийгилик каалап, эл аралык мелдештер достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана спорт аркылуу биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Чемпиондукка Азиянын 20 өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда. Мелдештер 14-июнга чейин уланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















