Бишкектик оор атлетчилер Душанбеде 6 медаль жеңип алышты
Бишкектик оор атлетчилер Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.Маалымдалгандай, турнирге Бишкектеги Олимпиадалык резервдер адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин 8 тарбиялануучусу катышкан. Жыйынтыгында 5 алтын жана 1 күмүш медаль тагынышкан.
Өмүржанов Арсен, Жеңишбек уулу Нургазы, Байгабылов Азамат, Нурланбек уулу Нурчолпон, Назарбаев Азамат алтын медалга татыса, Жолдошкулов Айтегин күмүш байгеге ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















