Футбол боюнча тарыхтагы эң ири Дүйнө чемпиондугу 11-июнда башталат
11-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. Бул жолку мелдеш ФИФАнын тарыхындагы эң ири турнир болуп калмакчы.
Алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугуна 48 улуттук курама команда катышып, чемпиондук наам үчүн ат салышат. Мелдештерди үч өлкө - АКШ, Канада жана Мексика биргелешип өткөрөт.
Турнир бир айдан ашык убакытка созулуп, жеңүүчү 19-июлда АКШдагы MetLife стадионунда аныкталат.
Дүйнө чемпиондугунун беттештери үч өлкөдөгү 16 стадиондо өтөт. Оюндардын басымдуу бөлүгү АКШнын Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Майами, Даллас жана Атланта шаарларында уюштурулат. Мексикада беттештер Мехико шаарындагы белгилүү "Ацтека" стадионунда, ошондой эле Гвадалахара жана Монтеррей шаарларында өтөт. Ал эми Канада Дүйнө чемпиондугун алгачкы жолу Торонто жана Ванкувер шаарларындагы стадиондордо кабыл алат.
Белгилей кетсек, 1930-жылы өткөн алгачкы Дүйнө чемпиондугуна 13 команда катышкан. Быйыл болсо командалардын саны 48ге жетип, күйөрмандарды жалпысынан 104 беттеш күтүп турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















