super.kg logo

Социалисттик Эмгектин баатыры Тургун Машрапова дүйнө салды

 

Өлкөнүн айыл чарба тармагына зор салым кошкон, Социалисттик Эмгектин баатыры Тургун Машрапова 98 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 10-июнда Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Тургун Машрапова 1928-жылдын 16-майында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылында төрөлгөн.

Эмгек жолун 1945-жылы "Большевик" колхозунда жөнөкөй колхозчу болуп баштаган. 1964-жылдан баштап Кыргыз пахтачылык тажрыйба станциясынын пахтачылар бригадасынын бригадири болуп иштеген.

Машрапованын бригадасы 1966-1970-жылдары тапшырманы 109 пайызга аткарып, 100 гектар жерден гектарынан орточо 26 центнерден пахта чогулткан. Буга байланыштуу ага Социалисттик Эмгектин баатыры наамы берилип, "Ороқ жана Балка" алтын медалы жана Ленин ордени менен сыйланган.














 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: