super.kg logo

Улуттук банк жаңы алдамчылык схемасы тууралуу эскертти

 
Улуттук банк жаңы алдамчылык схемасы тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
Билдирүүгө ылайык, шылуундар Улуттук банктын логотибин колдонуп жатышат.
"Белгисиз адамдар өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ошондой эле Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди колдонуп, мессенжерлердин жардамы менен жарандарга “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталындагы эсептик жазуулары бузулгандыгы жана жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткендиги тууралуу жалган билдирүүлөрдү жазышат.
Шылуундар жаранга анын атына таризделген насыя тууралуу кабарлап, буга байланыштуу акчаны “коопсуз” эсепке которууну сунуштайт",- деп эскертти мекеме.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенжерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт. Акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: