Кыргызстан менен Италия кылмыш иштери боюнча кызматташтыкты кеңейтет
Кечээ, 9-июнда Рим шаарында башкы прокурор Максат Асаналиев менен Италиянын юстиция министри Карло Нордио кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, келишим кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн заманбап укуктук негизин түзүп, кылмыштуу активдерди аныктоо, камакка алуу жана эл аралык тажрыйбада каралган кызматташуунун башка түрлөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосунда кылмышкерлерди жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















