super.kg logo

Бишкекте монгол кино күндөрү башталды

 
Кечээ, 9-июнда Бишкек шаарында монгол кино жумалыгынын ачылышы болуп өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземине Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков, Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал, жана Улуттук кино кеңешинин эл аралык байланыштар жана кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Оргилмаа Бат-Эрдэнэ катышты.
Көрсөтүлүүчү тасмалар:
  • "Горизонт" (Horizon) – режиссёр Батделгер Бямбасурен;
  • "Жымжырт шаардын айдоочусу" (Silent City Driver) – режиссёр Сэнгэдорж Жанчивдорж;
  • "Салкын жел" (City of Wind) – режиссёр Лхагвадулам Пурев-Очир. Тасма Венеция кинофестивалынын "Горизонттор" программасына катышып, Монголиянын атынан "Оскар" сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.
Монгол кино күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрынын чоң залында 9-12-июнь күндөрү көрсөтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: