Ошто мыйзамсыз курулуштагы сапатсыз дубалдар буздурулду
Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык объектте аныкталган мыйзам бузуулардан улам сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан объектте курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш нормалары жана эрежелери сакталбаганы, ошондой эле шайкештик сертификаты жок курулуш материалдары колдонулганы аныкталган.
Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн «Кунь-Лунь» ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, 200 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле курулуш талаптарын бузуу менен салынган дубалдар буздурулуп, объект боюнча мыйзамсыз сатуу иштери токтотулду. Адистер курулуш субъекттерин мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















