super.kg logo

Таш-Көмүрдүн шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

 

Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Таш-Көмүр шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп Урмат Эркинбек уулу дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Дастан Кадыров тааныштырып, кызматтык ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилүү болгондой, Урмат Эркинбек уулу буга чейин Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде жетектөөчү адис болуп эмгектенип келген.

Ал эми аталган кызматты аркалап келген Тумарбек Жолчубев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: