super.kg logo

Курулуш министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат

 

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги жарандарды алдамчылык аракеттерден сак болууга үндөдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы учурда өздөрүн мекеменин кызматкери катары тааныштырып, телефон аркылуу байланышкан, билдирүү жөнөткөн же акча каражатын которууну талап кылган учурлар катталууда.

Министрлик мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, мессенджерлер аркылуу же жеке байланыштар аркылуу акча чогултуу иштерин жүргүзбөй турганын расмий билдирди.

Мекеме жарандарды этият болууга, шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө жана мындай фактыларга туш болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Тиешелүү органдар алдамчылык схемаларынын алдын алуу боюнча иштерди улантып жатканын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: